Кытай фирмасы мыйзамсыз жол куруу иштерин жүргүзгөнү үчүн 2,8 млн сомдой доо коюлду
05-сентябрь 2025, 12:51
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 3-сентябрында Ноокат районуна караштуу Ноокат токой чарбасынын Абшыр-Ата токойчулугу аймагында инспекторлор тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кытай фирмасы тарабынан тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок, токойлуу жайыт жерден 1003 чарчы метр аянттагы жер кыртышы жол салуу максатында бузулганы аныкталды.
Аткарылган мыйзам бузуу боюнча 2 890 944 (эки миллион сегиз жүз токсон миң тогуз жүз кырк төрт) сом өлчөмүндө доо эсептелди.
Бул материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аракеттерге каршы чараларды көрүүнү улантат жана жаратылыш ресурстарын коргоо багытында коомчулукту мыйзамдарды сактоого чакырат.