Министрликтин жамааты — юридикалык илимдеринин доктору, доцент Бакыт Дайрабаевич Какешовду окумуштуулук даражасы менен куттуктайт
08-июль 2025, 09:10
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эмгек жамааты министрликтин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, — юридикалык илимдеринин доктору, доцент Бакыт Дайрабаевич Какешовду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында 2025 жылдын 4 июлунда окумуштуулук даража ыйгарылганы менен чын дилден куттуктады.
Министр М.А. Машиев өз куттуктоо сөзүндө Какешов Б.Д. тарабынан даярдалган доктордук диссертация 2025 жылдын 28 февралында Ж.Баласагын атындагы КУУ, Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университети жана Э.А.Алиев атындагы ИИМ академиясы алдында иш алып барган Д 12.23.668 диссертациялык кеңешинде ийгиликтүү корголгонун белгиледи. Илимий эмгек «Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана коопсуздугуна каршы кылмыштарды алдын алуу чөйрөсүндөгү кылмыш саясаты» темасына арналган (адистиги — 12.00.08: кылмыш укугу жана криминология; кылмыш аткаруу укугу).
Министр ошондой эле доктордун илимий жолу менен практикалык тажрыйбасы терең аналитикалык иштин, мыйзамдуулукка берилгендиктин жана адилеттүүлүккө умтулуunun үлгүсү экенин баса белгилеп, бул жетишкендик Кыргызстандагы кылмыш укугу, криминология жана антикоррупциялык саясатты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун айтты. Ал жетишкендик жаш адистерди кесипкөйлүккө, өжөрдүккө жана академиялык принциптерге берилүүгө шыктандырат.
Министрликтин жамааты Бакыт Дайрабаевичке чың ден соолук, илим билимде жаңы ачылыштар, үй бүлөлүк бакубатчылык жана мындан аркы кесиптик иш аракетинде шыктануу каалап, анын идеялары менен изилдөөлөрү Кыргызстандын укуктук тутумун өркүндөтүүгө, өлкө коопсуздугун бекемдөөгө жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөш механизмдерин жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө терең ишенимин билдирди.