Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын командасы футбол боюнча өткөрүлгөн «Министрдин кубогу» мелдешинде жеңүүчү болду

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын командасы футбол боюнча өткөрүлгөн «Министрдин кубогу» мелдешинде жеңүүчү болду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын командасы футбол боюнча өткөрүлгөн «Министрдин кубогу» мелдешинде жеңүүчү болду.

Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле министр Акыл Токтобаевдин министрликте корпоративдик спортту өнүктүрүү жана кызматкерлердин дене тарбиясы менен үзгүлтүксүз машыгуусун колдоо боюнча тапшырмасынын алкагында уюштурулду.

«Министрдин кубогу» мелдешинин ачылыш аземине министр Акыл Токтобаев катышып, бардык командаларга ийгилик каалады. Турнирге министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана ведомстволук мекемелеринен түзүлгөн командалар катышышты. Мелдеш тайпалык баскыч, жарым финал жана финалдык оюндар форматында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында министрликтин борбордук аппаратынын командасы I орунду жеңип алды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын командасы II орунга татыса, Борбордук лабораториянын командасы III орунду ээледи.

Турнирдин соңунда жеңүүчү жана байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор, кубоктор жана башка сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындай спорттук мелдештер кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтууга, командалык биримдикти чыңдоого жана корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.