2025-жылдын 20-сентябрындагы Улуттук тазалык күнүнө карата конкурс

Чүй өрөөнү
2025-жылдын 20-сентябрындагы Улуттук тазалык күнүнө карата конкурс

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өлкөнүн эң таза аймактарын аныктоо үчүн конкурс жарыялайт.

Конкурстун номинациялары:

«Эң таза шаар».

«Эң таза айылдык аймак».

Жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери:

Экологиялык акцияга коомдун ар кандай өкүлдөрүнүн (калк, ыктыярчылар, уюмдар, ишкерлер жана башкалар) кеңири тартылышы;

Жалпы тазаланган аймактын көлөмү (тоо аймактары, мөңгүлөр, жашыл зоналар, туристтик объектилер, коомдук жайлар, суу жээгиндеги аймактар эске алынат);

Калдыктарды бөлүп чогултуу принциптерин сактоо (3төн ашык түрүн бөлүү);

Жыйналган калдыктарды кайра иштетүүгө берүү (пластик, металл, айнек, кагаз);

Аймакта тазалыкты колдогон маалыматтык-нагляддык материалдардын болушу (билборддор, стенддер, LED-экрандар, пластик колдонууга тыюу боюнча маалыматтар, белгиленген урналар);

Маалыматтык-агартуу кампанияларын өткөрүү (мектепке чейинки, мектептик, билим берүүчү жана башка уюмдарда);

Аймакта калдыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду өз алдынча ишке ашыруу (гранттар жана эл аралык донорлорду тартуу менен);

Жашыл көчөттөрдү массалык отургузуу (өстүрүлүп кетүү деңгээли эске алынат);

Үлгүлүү таштанды полигонынын болушу (ПРД, трансформация, тосмолор, техниканын камсыздалышы);

Аймакта үлгүлүү кайра иштетүүчү ишканалардын болушу же киргизилиши.

Маанилүү!
 

Берилген бардык жыйынтыктар фото жана видео материалдар, тастыктоочу документтер менен коштолушу зарыл жана Министрликтин кызматкерлери тарабынан жеринде текшерилет.

Конкурстун башкы сыйлыктары:

1-орун — мусор ташуучу унаа (HOWO).

2-орун — сорттоо линиясы.