Юридикалык жактар үчүн мергенчилик чарбасын жүргүзүүгө укук берүү боюнча конкурс жарыяланды

Чүй өрөөнү
Юридикалык жактар үчүн мергенчилик чарбасын жүргүзүүгө укук берүү боюнча конкурс жарыяланды

Жаратылыш  ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагындагы айрым аңчылык чарба жерлеринде юридикалык жактарга аңчылык чарбасын жүргүзүү укугун берүү боюнча комиссиянын курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн тандоо боюнча маалымдайт. 

Бул билдирүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы аңчылык чарба жерлеринде юридикалык жактарга аңчылык чарбасын жүргүзүүгө укук берүү боюнча конкурсту өткөрүү тартиби тууралуу Жобого ылайык берилүүдө.

Кандидаттарды каттоо 2025-жылдын 13-июнунан 12-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2, 146-кабинетке келип, Торогелдиев Элчибек Досумбековичке кайрылсаңыздар болот. Байланыш телефону: 0509 125152.