Аттракциондорго контролдук текшерүү жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Аттракциондорго контролдук текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматтын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы менен биргеликте облустун аймагындагы аттракциондорго контролдук текшерүү жүргүзүлдү.

 Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы мурда берилген эскертмедеги пункттардын аткарылбагандыгы боюнча жалпы  39000 сом өлчөмүндө администрациялык айып пул салынды жана аларды аткаруу боюнча аттракцион ээлеринен кепилдик алынды.