«Дарактардын оорулары жана аларды алдын алуу жолдору» «Бишкек шаарынын жашыл зонасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары» аттуу тегерек столу болуп ɵттү

Чүй өрөөнү
«Дарактардын оорулары жана аларды алдын алуу жолдору» «Бишкек шаарынын жашыл зонасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары» аттуу тегерек столу болуп ɵттү


2023-жылдын 25 августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекзеленхоз» ишканасы менен биргеликте «Дарактардын оорулары жана аларды алдын алуу жолдору» аттуу тегерек столуна катышты. 

Тегерек столдо эмен, ийне жалбырактуу дарактар, клен, карагай сыяктуу дарактардын оорулары боюнча суроолор көтөрүлдү. Бишкектин жашыл мейкиндиктеринин илдеттеринин негизги себептери болуп жашыл мейкиндиктердин зыянкечтери, мисалы, мите, шишкебек, эмен чымындары жана башка көптөгөн зыянкечтер саналат.

Зыянкечтерге каршы күрөшүүдө ар кандай ыкмалар колдонулат, мисалы, химикаттарды чачуу, иммунитетти жогорулатуу үчүн бактарга ийне сайуу ж.б. Тегерек столдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, “Бишкекзеленхоз” МИ, КР УИАнын Илимий-изилдөө институту “Ботаникалык бак” менен тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынды. "