Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Тургунбаев Кара-Кулжа районунда жайгашкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна барды.

Ош өрөөнү

Кулун-Ата коругу Кара-Кулжа районунун аймагында. Фергана тоо тизмеги менен Алай кырка тоосунун аралыгында Тар суусунун жогорку алабында жайгашкан. Батыш Теңир-Тоонун табигый жаратылыш комплексин сактоо, арча ийне жалбырактуу токойлорун, өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсүн жана тоо көлүнүн экол. системасын коргоо максатында 2004-жылы уюштурулган. Аянты 27,4 миң га, анын ичинде токой аянты 3,5 миң га (12,7%). Жаныбарлардын 32, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Корук жаратылыш шартынын ар түрдүүлүгү жана табигый ресурстарына байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Коруктун аймагында Кулун көлү жайгашкан.

Министр коруктун базасында уюшулган музей менен таанышты. Музейде Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунда байырлаган жаныбарлардын, канаттуулардын экспанаттары менен, жана коруктун аймагында өскөн 500 дөн ашуун өсүмдүктөрдүн гербарийлери менен толтурулган. 

Министр мырза өз сөзүндө, мындай уникалдуу музейди уюштуруу, аны түрдүү экспанаттар менен толтуруу чоң эмгекти талап кылаарын баса белгилеп, корукту жана андагы музейди уюштурган Асан Боромбаевге ыраазчылыгын билдирип өттү. 

Мындан ары да коруктун өнүгүшүнө министрликтин денгээлинде жардам берүүгө даяр экенин, андан сырткары өлкө аймагынын 10% кем эмес аянтын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуусу керек, деген Президенттин тапшырмасы бар экенин айтып, зарылчылык болсо коруктун аймагын кеңейтүү иштерин колго алаарын айтып өттү.