Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында документтерге кол коюу жана аларды өз ара тапшыруу аземи болуп өттү

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында документтерге кол коюу жана аларды өз ара тапшыруу аземи болуп өттү

Душанбе шаары, 2025-жылдын 8-июлу – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик визити учурунда эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө багытталган документтерге расмий түрдө кол коюу жана өз ара алмашуу аземи болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда төмөнкү документтерге кол коюлуп, алар менен алмашуу ишке ашырылды:


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.


Аталган документке Кыргыз Республикасынын атынан министр М.А. Машиев, ал эми Тажикстан Республикасынын атынан Тажикстан Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы Шерализода Баходур Ахмаджон кол коюшту.


Кол коюлган документтер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү, экономикалык өз ара аракеттенүү жана регионалдык туруктуулукту камсыз кылуу багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон жалпы умтулууларды айгинелейт.