Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлиги, "Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн" белгиледи

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлиги, "Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн" белгиледи

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлиги, "Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн" белгиледи.
 

Кыргызстанда мындан 25 жыл мурун, 1999-жылы айлана-чөйрөнү коргоого көмөк көрсөтүү жана коомдун экологиялык багытынын маанисин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жыл сайын 5-июнь Экологдордун кесиптик күнү катары белгиленет. 

Иш-чара министр М.Тургунбаевдин жетекчиси астында аталган тармактагы ардагерлер, Жогорку Кенештин депутаттары, Президенттик Администрациянын эксперттери жана бул тармактагы адистердин катышуусунда ѳттү. 

Министр ѳз сѳзүндѳ 2024-жылы Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн темасы жерлерди калыбына келтирүү проблемасына, чөлгө айлануу жана кургакчылыкка каршы күрөшүүгө арналган жана ал жалпы ураан астында «Биздин жер. Биздин келечегибиз. Биз калыбына келтирүүчү муунбуз» экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, министрлик экология багытында ишке ашырып жаткан ири долбоорлорду атады. 

«Жашыл Мурас» улуттук программасы биздин жаратылышты калыбына келтирүүгө умтулганыбыздын жаркын мисалы болуп саналат. Бул программанын алкагында өлкөнүн бардык аймагында, өзгөчө экосистемаларды калыбына келтирүү зарылчылыгы өзгөчө курч турган тоолуу аймактарда бак-дарактар отургузулуп жатканын. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 13,3 гектар жерге 19 миллион көчөт отургузулганын айта кетти. 

Мындан тышкары, 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Тоону туруктуу өнүктүрүү" резолюциясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2023-2027-жылдары тоолуу өлкөлөрдүн милдеттерин жана көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык коомчулуктун аракеттерине жаңы дем берүү максатында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланганын аны ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Ардагерлер, депутаттар жана коноктор ѳз каалоо-тилектерин айтышып, министрликтин ишине ийгиликтерди каалады. Майрамдык иш-чара тѳш белги, ардак грамота, кызматташтык үчүн ыраазычылык каттар жана сыйлык тапшыруу менен аяктады.