Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин абанын булгануу денгээлин азайтуу, экологиялык агартуу, маалыматтык кампаниясы Бишкек шаарында уланды

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин абанын булгануу денгээлин азайтуу, экологиялык агартуу, маалыматтык кампаниясы Бишкек шаарында уланды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин абанын булгануу денгээлин азайтуу, экологиялык агартуу, маалыматтык кампаниясы Бишкек шаарында уланды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү менен Бишкек шаарында Ротор отканасы жана Чүй облусунун аймагында оор жүк ташуучу унаалардын атмосферага булгоочу заттарды чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин сактоосу боюнча жарандарга жана  социалдык мекемелердин өкүлдөрүнө түшүндүрүү, алдын-алуу иштери жүргүзүлдү.

Белгилүү болгондой акыркы жылдары Бишкек шаарында абанын сапаты кыйла жакшырып, булгануу денгээли азайган. Ага себеп, бүгүнкү күндө газдаштыруу активдүү жүрүүдө, учурда Бишкек шаарында 21 000 ашуун жаран үйүн газга кошту. Газдаштыруу көмүрдү керектөөнү болжол менен 12 миң тоннага азайтты.

 Экологиялык таза автобустар келип, алардын ар бири 4 дизелдик кичи автобусту (бусик) алмаштырып, күнүнө 200 тн дизелди күйгүзүү чектелди.

Бишкек санитардык полигону ондогон жылдан бери күйүп келген. Учурда полигондо күйүү толугу менен өчүрүлдү, смог көйгөйүн 10-15% га чейин азайтты. Өткөн жылдары, кээде түтүндөн улам Манас аэропортуна учактардын учуп-конушу кыйындаган. Полигондун аймагы рекультивацияланууда жана учурда 3000 көчөт отургузулду, ошону менен 5 га жерге токой тилкеси пайда болду.

Абанын сапатынын жакшыруусу, натыйжалар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичтин 2023-жылдын 29-майындагы 279-р, буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын абанын сапатын жакшыртуу боюнча иштиктүү чараларынын негизинде ишке ашырылды.

Маалымат ирээтинде, Бишкек шаарында ишмердүүлүгү абага булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан 399 чарба субъектиси катталган. Министрлик тарабынан атмосфералык абаны коргоо талаптарын аткаруу боюнча бардык тараптарга тиешелүү билдирүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери өткөрүлүп жатат.

Аталган иш-чара республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат.