Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыктар менен бирдикте коррупцияга каршы түшүндүрмө иш-чараларын өткөрүү улантылууда.
29-сентябрь 2025, 11:12
2025-жылдын 25-сентябрь күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Какешов Бакыт Дайрабаевич, Кара-Балта шаарында Чүй регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери менен жана Калинин райондор аралык мергенчилер жана балыкчылар коомунун кызматкерлери менен системалуу коррупцияны жоюу максатында, "Экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо, браконьерликке каршы, коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу” темасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү.
Иш-чаранын негизги максаты – мергенчилер жана балыкчылар коомунун кызматкерлерин коррупцияга каршы мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр менен тааныштыруу, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдарда коррупцияга чыдоосуз мамилени калыптандыруу болду жана жаңы кабыл алынган мыйзамдарга арналды.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы №4621 тапшырмасынын негизинде уюштурулган, анда коррупцияга каршы мыйзамдардагы жаңылыктар боюнча кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.
Иш-чаранын башталышында Чуй облустук башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы У.Ж. Жамынчиев өз сөзүндө мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясатты колдоп, катышуучуларды коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоого чакырып, бул эң коркунучтуу жаман көрүнүш менен күрөшүүдө ийгиликтерди каалады.
Б.Д. Какешов, баяндамада коррупциянын алдын алууга багытталган мыйзамдардын негизги аспектилерин, мергенчилик тарапта болуп жаткан коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын кеңири түшүндүрүп берди.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Б.Д. Какешов төмөнкү маселелерге кеңири каралды:
2025-жылдын январынан тартып күчүнө кирген коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы жаңы мыйзам демилгелери;
Мамлекеттик кызматчылардын антикоррупциялык мыйзамдар алкагындагы милдеттери жана ички көзөмөл механизмдери;
Кызыкчылыктардын кагылышуусуна каршы аракеттер жана мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин жана мүлктөрүн декларациялоо механизмдери;
Коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик – анын ичинде кылмыш-жаза, административдик жана тартиптик чаралар;
Коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандык коомдун жана коомдук көзөмөлдүн ролу.
Иш-чаранын катышуучулары мындай семинарлар коомдо коррупцияга каршы маданиятын калыптандырууга, мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Жаратылыш министрлиги мындай антикоррупциялык семинарларды башка регионалдык бөлүмдөрдө да өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдө коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды активдүү өткөрүү пландаштырууда.