Кыргыз геологиялык кызматы жана ири көмүр казып алуучу компаниялар актуалдуу маселелерди талкуулашты
07-ноябрь 2025, 15:48
Кыргыз геологиялык кызматы жана ири көмүр казып алуучу компаниялар актуалдуу маселелерди талкуулашты
2025-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары А. Ж. Курманалиев, ведомствонун жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги А. С. Сакимбаев жана өлкөнүн ири көмүр казып алуучу ишканаларынын өкүлдөрү катышкан жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө көмүр кендерин иштетүү жаатындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде күз-кышкы мезгилине (ОЗП) көрүлүп жаткан даярдык маселелери талкууланды. Кыргыз геологиялык кызматынын жетекчилиги көмүрдүн баасын турукташтыруу жана калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.
Тараптар жылытуу сезону башталганын эске алуу менен көмүр казып алуучу ишканалардын ишин күчөтүү зарыл экенин белгилешти жана мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.