Кыргыз геология кызматы Астанадагы эл аралык форумда өлкөнүн атынан катышты
09-апрель 2026, 15:17
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматынын (КГК) делегациясы «Geoscience & Exploration Central Asia 2026» эл аралык геологиялык форумуна катышты. Бул иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик геология кызматтары менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы эксперттердин ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калды.
Форумдун алкагында КГКнын өкүлдөрү пленардык жана тематикалык сессияларга катышып, анда XXI кылымдагы геологиянын актуалдуу чакырыктары менен өнүгүү келечеги, ошондой эле региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жер казынасын пайдалануунун ролу талкууланды. Ресурстарды туруктуу өздөштүрүү, ачык отчеттуулуктун заманбап стандарттарын киргизүү жана тармакты глобалдык энергетикалык чакырыктарга ылайыкташтыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзүнчө басым жасалды. Региондогу өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелеринин жетекчилери менен болгон жолугушууларда тоо-кен тармагы үчүн биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана улуттук геология кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечеги талкууланды.
«Биз үчүн бүгүнкү күндө геология тар тармактык маселенин чегинен чыгып, глобалдык технологиялык прогресстин элементине айланып жаткандыгы өтө маанилүү. Кыргыз геология кызматынын мындай форумдарга катышуусу жер казынасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аймактык тренддер менен айкалыштырууга, инновацияларга жана ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга басым жасоого мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Кыргыз геология кызматынын Жер казынасын иштетүү башкармалыгынын башчысы А.Сакимбаев.
Форумга катышуу кесиптик байланыштарды чыңдоого шарт түзүп, тараптардын өз ара пайдалуу өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүгө даяр экендигин тастыктады. Топтолгон тажрыйба геологиялык изилдөө ыкмаларын өркүндөтүүгө жана Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.