Кыргыз геологиялык кызматында Эл аралык ишкерлер кеңешинин минералдык ресурстар боюнча комитетинин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү
05-ноябрь 2024, 14:21
2024-жылдын 5-ноябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз геологиялык кызматынын жетекчилиги менен Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) минералдык ресурстар боюнча комитетинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Кызматтын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз геологиялык кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев баяндама жасап, геологиялык чалгындоо жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы негизги долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолду. Ал ошондой эле өлкөнүн кен байлыктарын башкарууну жакшыртууга, ошондой эле бул тармакта туруктуу өсүшкө жетишүү үчүн бизнес чөйрөсү менен кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган келечектеги пландары менен бөлүштү.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жер казынасын пайдаланууга байланыштуу бир катар курч маселелерди көтөрдү. Талкуунун негизги темалары болуп, жер казынасын пайдалануучуларга каржылык оорчулуктар, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечимдеринин аткарылышы кирди. жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап туруу үчүн жыйымдардын ставкаларына, ошондой эле жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн ставкаларды кайра карап чыгуу зарылдыгын айтып өттү. Ошондой эле тоо таштандыларын пайдаланууну мыйзамдык жактан жөнгө салуу боюнча ойлору менен бөлүштү.
Иш-чаранын соңунда ачык суроо-жооп сессиясы болуп, катышуучулар Кыргыз Республикасындагы жер казынасын пайдалануунун актуалдуу көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулай алышты.