Кыргыз Республикасы ХБРЯ (химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук) коркунучтарын азайтуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча чараларды активдүү түрдө илгерилетип келет.

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасы ХБРЯ (химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук) коркунучтарын азайтуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча чараларды активдүү түрдө илгерилетип келет.

2025-жылдын 13–14-октябрында Бишкек шаарында Европалык союздун «Химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук коопсуздук боюнча мыкты тажрыйба борборлору (ХБРЯ ЦПО)» демилгесинин алкагында Борбор Азиядагы улуттук координаторлордун 24-Регионалдык стратегиялык координациялык жыйыны өз ишин баштады.

Бул иш-чара Европалык союздун ХБРЯ ЦПО боюнча Борбор Азиядагы Регионалдык катчылыгы тарабынан БУУнун кылмыштуулук жана сот адилеттүүлүгү боюнча институту (ЮНИКРИ) менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Жыйындын катышуучуларына сөздөрү менен төмөндөгүлөр чыгышты: 

Медер Машиев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.

Министр Машиев М.А. эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан бул багыттагы долбоорлорго — булганган аймактарды калыбына келтирүү, кооптуу калдыктарды башкаруу жана ХБРЯ боюнча улуттук аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча активдүү катышып жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан негизги эл аралык конвенцияларга кошулган жана экологиялык коопсуздук жаатындагы укуктук базасын чыңдоону улантып жаткандыгын баса белгиледи.

Лене Волкерсен, Кыргыз Республикасындагы ЕС делегациясынын саясий бөлүмүнүн башчысы

Сорин Попа, ЕСнин ХБРЯ ЦПО Программасынын жетекчиси, Европа Комиссиясынын Тышкы саясат куралдары кызматы (FPI)

Жыйын Наргизахон Усманова — Борбор Азиядагы ХБРЯ боюнча ЦПО Регионалдык катчылыгынын регионалдык координатору — тарабынан жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү жана Европа Союзунун эксперттери катышууда.

Кыргызстандын атынан ЕС ХБРЯ ЦПО демилгесинин улуттук координатору болуп эсептелген Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин өкүлдөрү катышууда.

Жолугушуунун негизги темалары — региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөө жана химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук коркунучтарды азайтууга багытталган ЕС долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.

Атайын көңүл төмөнкү долбоорлорго бурулду:   P106 «ТЕСТ»   Р109 ,  Бул долбоорлор адистерди даярдоого жана климаттын өзгөрүшү менен байланышкан зооноздук (жаныбарлардан адамдарга жугуучу) оорулардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган.

Мындан тышкары, Борбор Азия мамлекеттеринде химиялык коопсуздук тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууга багытталган жаңы долбоор да талкууланууда.