Кыргыз Республикасы СИТЕСтин 20-Бөлүктөр Конференциясында сейрек түрлөрдү сактоо боюнча тажрыйбасын сунуштады

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасы СИТЕСтин 20-Бөлүктөр Конференциясында сейрек түрлөрдү сактоо боюнча тажрыйбасын сунуштады

Кыргыз Республикасынын делегациясы СИТЕСтин 20-Бөлүктөр Конференциясына катышып, анда Биоресурстар башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Э.Мамаев өлкө аймагында жейрендерди кайра жайгаштыруу (реинтродукция) боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу билдирүү жасады. Ал жейрен популяциясын калыбына келтирүү — Кыргыз Республикасындагы жапайы туяктуулардын санын бекемдөөгө багытталган комплекстүү чаралардын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Бул иш-аракеттер кардын илбиси үчүн негизги азыктык база болуп саналган жейрендердин санын көбөйтүүгө да өбөлгө түзөт.

Өз сөзүндө Э.Мамаев Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар түрлөрүн сактоо багытындагы эл аралык аренадагы активдүү ишмердигин белгиледи.

Ошондой эле ал Конференция комитеттеринин жыйынында сөз сүйлөп, жапайы жаныбарлар соодасын көзөмөлдөөгө байланыштуу эл аралык колдонмолордун жеткиликтүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар сунуштарды киргизди.

Конференциянын алкагында Мальта Республикасынын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу да өтүп, анда жүк ташууларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана мындан аркы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.