Кыргызстан 2025-жылдын 4–5-июнь күндөрү Түштүк Кореяда өткөн Экологиялык туруктуулукка багытталган “Жашыл өнүгүүгө өтүү” демилгеси (Green Transition Initiative, GTI) боюнча Генералдык ассамблеяга жана Министрлер форумуна катышты. Бул иш-чаралар БУУнун Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналды жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жогорку даражадагы өкүлдөрдү, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрүн чогултту.

Чүй өрөөнү

Кыргызстандын атынан форумга , жаратылыш ресурстары , экология  жана техникалык көзөмөл министрлигинин биринчи орун басары Касейинов К.У. баштаган делегация катышты. Иш-чарада өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен аракеттерин күчөтүү маселелери талкууланды.

Форумдун негизги темалары төмөнкүлөр болду:

          •        Экологиялык таза энергетикага өтүү;

          •        Парник газдарынын чыгымдарын азайтуу;

          •        Табигый ресурстарды туруктуу башкаруу;

          •        Климаттык максаттарга жетүү үчүн эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо. 

Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн GTI алкагындагы биргелешкен демилгелери, анын ичинде көмүртек нейтралдуулугун камсыздоо, чегара аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана жашыл технологияларды киргизүү маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду.

Иш-чаранын алкагында БУУнун Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү “Пластикалык булганышка каршы күрөшүү” деген глобалдык ураан менен белгиленди. Бул күндүн мааниси глобалдык экологиялык көйгөйлөргө каршы биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Касейинов К.У. тамак-аш калдыктарын кайра иштетүүчү заводду көрүп чыкты. Заводдун иши, анын экологиялык натыйжалуулугу жана инновациялык технологияларды колдонуу тууралуу маалыматтар алынды. Бул тажрыйба Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүү жана туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын GTI Генералдык ассамблеясына катышуусу өлкөнүн туруктуу өнүгүү, регионалдык кызматташтык жана климаттык туруктуулук принциптерине болгон берилгендигин тастыктайт.