Кыргыз Геологиялык кызматына 85 жыл толду

Чүй өрөөнү
Кыргыз Геологиялык кызматына 85 жыл толду

2023-жылдын 5-октябрында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда юбилейге арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары министр М. Тургунбаев жана аталган тармактын ардагерлери катышышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышып, геология кызматкерлерин, ардагерлерди жана салтанаттуу аземдин конокторун куттуктады. Ɵз сɵзүндɵ А.Жапаров геология өлкөнүн экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун, аны менен бирге тоо кен тармагы бюджет түзүүчү өзөктүү эң ири тармак экенин билдирди. “Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дө деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат”, – деди Акылбек Жапаров.  

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министри М. Тургунбаев геология тармагынын ардагерлерин куттуктап жатып, бүгүнкү күндɵгү Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагынынын негизги потенциалдары боюнча айтып, азыркы күндɵ 70 алтын кени бар экенин, алардын жалпы запасы 850 тоннадан ашык, ал эми бугунку кунго 11 Сейрек кездешүүчү металлдардын (РЗМ) запасы 63 мин тоннаны тузооруно токтолду. Ошондой эле бул тармактагы ардагерлерге терен ыраазычылык билдирип, алардын жасаган эмгегинин аркасында ɵткɵн кылымдын 50-жылдан 90-жылдарына чейин Кыргыз геология кызматы чалгындоо жумуштарын кучтуу жургузуп, жыйынтыгы менен Кумтөр, Жерүй, Макмал, Талдыбулак Сол Жээк, Хайдаркан, Кадамжай, Терек-Кассанский ж.б. кендер ачылган  жана ошол кендерди ачууда, ишке киргизуудо  ардагерлердин  эмгектери, жасаган   мээнеттери эбегейсиз экенин баса - белгиледи. 

Бул тармактын рупору катары Кумтор алтын кенинин мамлекетибиздин экономикасына кошуп жаткан салымын белгилеп,  2022-жылдан тарта Ɵкмɵткɵ ɵтүп, ɵз күчүбүз менен иштетип жатканыбызды  жана  2022-жылдын жыйынтыгы менен 17 тоннадан ашык алтын алынганын айта кетти. 

Андан кийин Жогорку Кенештин депутаты М. Самыйкожо куттуктоо сɵзүн айтты, ардагерлерге дагы  соз берилип иш-чара концерттик программа  менен аяктады.