Кыргызстан Париж келишиминин алкагында тунгуч Эки жылдык транспаренттүүлүк жөнүндө баяндамасын даярдоодо

Чүй өрөөнү
Кыргызстан Париж келишиминин алкагында тунгуч Эки жылдык транспаренттүүлүк жөнүндө баяндамасын даярдоодо

Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактуу конвенциясына (БУУ КӨАК) ылайык, Париж келишиминде каралган Кеңейтилген транспаренттүүлүк алкагы боюнча өлкөнүн климаттык отчёттуулугун күчөтүү максатында биринчи Эки жылдык транспаренттүүлүк жөнүндө баяндама (ЭТБ1) даярдоо боюнча долбоор ишке кирди.


Баяндама төмөнкү беш негизги компоненттен турат:

    1.    Парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун улуттук инвентаризациялоо 

    2.    Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын (УДАС) жетишилишин көзөмөлдөө

    3.    Климаттын өзгөрүшүнүн таасири жана ага ылайыкташуу чаралары боюнча маалымат

    4.    Алынган жана талап кылынган көмөк (каржылык, технологиялык жана потенциалды жогорулатуу) жөнүндө маалымат

    5.    Отчёт берүүдө колдонулган ийкемдүүлүк жөнүндө маалымат


Баяндаманын мазмуну боюнча секторлор аралык талкуу


Баяндаманы даярдоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен техникалык консультациялар өткөрүлдү. Талкууга чыгарылган бөлүмдөргө парник газдарынын улуттук инвентаризациясы жана климаттык чаралардын аткарылышы боюнча прогресс баалоосу кирет.


Каралып жаткан негизги секторлор:

    •    Энергетика

    •    Транспорт жана күйүүчү майдын учуучу эмиссиялары

    •    Өнөр жай процесстери жана продукцияны колдонуу

    •    Калдык (таштанды) башкаруу

    •    Айыл чарба

    •    Токой чарбасы жана башка жер пайдалануу түрлөрү

    •    Климаттык каржылоо


Координация жана өнөктөштүк


Долбоор Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) жана БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


Кыргызстан климаттык милдеттенмелерди аткарууда системалуу жана ачык-айкын мамилени илгерилетип, өлкөнүн климаттык архитектурасын чыңдап жатат.