Кыргызстан менен Азербайджан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясынын сессиясынын алкагында биргелешкен иш-чараларды талкуулашты - COP29

Чүй өрөөнү
Кыргызстан менен Азербайджан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясынын сессиясынын алкагында биргелешкен иш-чараларды талкуулашты - COP29

Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин м.а. Азис Сапаралиев 5-6-августта Азербайджанда иш сапары менен болду.


Кыргыз делегациясы Азербайджандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев, Азербайжандын президентинин жардамчысы – Азербайджандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев жана тышкы иштер министринин орун басары Ялчин Рафиев менен сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрдү.


Азербайжан тарапка президент Садыр Жапаровдон Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге Кыргызстандын тоо кендерин иштетүү боюнча дүйнөлүк демилгелери боюнча кайрылуу жолдонду.

Тараптар 2024-жылдын ноябрында Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) Тараптардын Конференциясынын 29-сессиясынын алкагында климат жана тоо күн тартибинин алкагында биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.