Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташтыкты бекемдешет
23-ноябрь 2026, 15:42
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз геологиялык кызматынын директору Амантур Турсуниязов Финляндиянын Геологиялык кызматынын делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда «DATA4CRM: Борбордук Азияда геомаалыматтарды башкарууну өркүндөтүү» долбоорунун алкагында биринчи долбоордук миссияны уюштуруу боюнча даярдык иштер талкууланды.
Жолугушууга министрликтин, Кыргыз геологиялык кызматынын жана «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Аталган долбоор эл аралык алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге, геология тармагын модернизациялоого, геологиялык маалыматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жер казынасын пайдаланууну башкаруунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Финляндия геологиялык чалгындоо, геологиялык маалыматтарды санариптештирүү, геофизика, геохимия жана жер казынасын пайдаланууну укуктук-ченемдик жөнгө салуу багыттарында бай тажрыйбага ээ.
Тажрыйба жана билим алмашуу кыргызстандык адистерге натыйжалуу чечимдер менен таанышууга жана аларды Кыргыз Республикасынын шарттарына жана муктаждыктарына ылайыкташтырууга өбөлгө түзөт.