Кыргызстан менен Казакстан ак илбирсти сактоо боюнча меморандумга кол коюшту

Чүй өрөөнү
Кыргызстан менен Казакстан ак илбирсти сактоо боюнча меморандумга кол коюшту

2024-жылдын 17-октябрында Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркы Казакстан менен Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ортосунда ак илбирсти жана анын Түндүк Тянь-Шань тоолорунда жашаган жерлерин сактоого багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Меморандум эки өлкөнүн төрт өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын камтыйт:

«Көлсай көлдөрү» мамлекеттик улуттук паркы,

Алматы мамлекеттик жаратылыш коругу,

Казакстан Республикасынын Иле-Алатау мамлекеттик улуттук паркы,

Кыргыз Республикасынын «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркы.

Кызматташтыктын максаты ак илбирсти коргоодо жана мониторинг жүргүзүү жаатында биргелешкен аракеттерди координациялоо жана тажрыйба алмашуу болуп саналат. 

Катышуучулар бул сейрек кездешүүчү жырткычтын популяциясын калыбына келтирүү жана аны туруктуу кармоо боюнча иштөөгө ниеттенүүдө.

Меморандумга Ак илбирс жашаган бардык 12 өлкөнү бириктирген жана дүйнөдө сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоого жана калыбына келтирүүгө дүйнөлүк коомчулуктун көңүл буруусун жогорулатууга көмөктөшкөн ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Глобалдык Программанын (GSLEP)  катышуусу менен кол коюлду.

Меморандумга кол коюу ак илбирсти узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп калат, бул региондун экосистемасы жана эки өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгү үчүн негизги мааниге ээ. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык Тянь-Шандын сейрек кездешүүчү түрлөрүн коргоого жана уникалдуу жаратылыш ландшафттарын сактоого байланышкан маселелерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөт.