Кыргызстан менен Казакстан тоо экосистемаларын жана ак илбирсти сактоо багытында кызматташууну күчөтөт

Чүй өрөөнү
Кыргызстан менен Казакстан тоо экосистемаларын жана ак илбирсти сактоо багытында кызматташууну күчөтөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Алибек Куантыров менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (КС-31) алкагында өттү.

Акыл Токтобаев Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелердин өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Жолугушууда тоолуу аймактарга байланышкан маселелерге жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. 

Талкуунун өзүнчө багыты биологиялык ар түрдүүлүктү, анын ичинде ак илбирстин чек ара аралык популяциясын сактоо маселеси болду. Тараптар Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти. Анын ичинде биргелешкен мониторинг жүргүзүү, илимий маалыматтар менен алмашуу, браконьерликке каршы күрөшүү жана ак илбирстин табигый миграциялык коридорлорун сактоо маселелери каралды.


Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана Борбор Азиядагы жалпы экологиялык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө күч-аракеттерди координациялоого өз ара кызыкдар экени тастыкталды.