Кыргызстан менен Улуу Британия критикалык маанидеги минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Чүй өрөөнү
Кыргызстан менен Улуу Британия критикалык маанидеги минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Кыргызстан менен Улуу Британия критикалык маанидеги минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2025-жылдын 1–6-декабрь аралыгында Лондондо (Улуу Британия) өтүп жаткан London Mining Week иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгынын Өкмөтү ортосунда критикалык маанидеги минералдар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койду. Документке Улуу Британиянын Европанын, Түндүк Американын жана деңиз ашуусу аймактарынын маселелери боюнча мамлекеттик министри Стивен Даути менен биргеликте кол коюлду.


Меморандум кызматташууну төмөнкү багыттарда өркүндөтүүгө багытталган:
• геологиялык изилдөө жана илимий-техникалык маалыматтар менен алмашуу;
• жогорку экологиялык, социалдык жана башкаруу стандарттарын (ESG) киргизүү;
• ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорго көмөктөшүү;
• институттар аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана тажрыйба алмашуу.


Меморандумга кол коюу кыргыз-британ мамилелерин тереңдетүү үчүн жаңы платформа түзүп, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, ошондой эле критикалык маанидеги минералдар тармагында инвестицияларды тартууга жана долбоорлорду ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Улуу Британия ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана анын өнүгүү перспективалары, өз ара инвестицияларды кеңейтүү, ишкердик байланыштарды бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы биргелешкен демилгелерди илгерилетүү маселелери талкууланды.