Кыргызстан COP-17 конференциясында тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүдө

Чүй өрөөнү
Кыргызстан COP-17 конференциясында тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаевдин жетекчилиги алдындагы делегация Армениядагы Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча БУУнун Конвенциясынын 17-Конференциясына (COP-17 КБР) активдүү катышып, актуалдуу экологиялык күн тартибин илгерилетүүгө жана тоо экосистемаларын коргоого басым жасоодо:

•    Тоолуу өлкөлөрдүн күн тартибин илгерилетүү: Кыргызстандын делегациясы жогорку тоолуу аймактардын аярлуу экосистемаларын коргоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына эл аралык коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурууда. Конференциянын алкагында тоолуу аймактардагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун көйгөйлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруу маселеси активдүү иштелип чыгууда.

•    КБР резолюцияларын иштеп чыгуу жана талкуулоо: Кыргыз делегациясынын эксперттери республиканын улуттук кызыкчылыктарын жана экологиялык саясатынын артыкчылыктарын коргоо менен КБР резолюцияларын талкуулоого жана түздөн-түз иштеп чыгууга активдүү катышууда.

•    КБР Секретариаты менен кызматташуу: Конвенциянын Секретариаты менен өткөн эки тараптуу жолугушууда КБРдин жоболорун ишке ашыруунун практикалык аспектилери талкууланып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

•    Экологиялык тарбия: БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) менен биргелешкен иш-чарада министрдин орун басары Алмаз Мусаев өсүп келе жаткан муундун арасында экологиялык маданиятты калыптандыруунун жана жаш курактан тарта табиятка аяр мамиле жасоо принциптерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Кыргыз Республикасынын делегациясы COP-17нин Жумушчу топтордун жыйындарындагы ишин улантып, жыйынтыктоочу глобалдык чечимдерди кабыл алууга катышууда.