КЫРГЫЗСТАН СОР29: негизги сүйлөшүүлөргө катышуу жана климаттык демилгелер
12-ноябрь 2024, 14:53

КЫРГЫЗСТАН СОР29: негизги сүйлөшүүлөргө катышуу жана климаттык демилгелер
Кыргызстан Бакуда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын (СОР 29) тараптарынын 29-Конференциясына катышууда, анда Климаттык каржылоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чаралары менен байланышкан маселелер талкууланат. Конференцияга дүйнө жүзү боюнча 70 миңден ашык катышуучу, анын ичинде 198 өлкөнүн өкүлдөрү жана 150гө жакын павильондор тартылды.
Конференциянын негизги аспектилеринин бири климаттык чараларды каржылоону талкуулоо болот, анткени өлкөлөр үчүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн олуттуу каражат керек. Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөргө аярлуу өлкө катары эл аралык колдоого таянууда. Өлкөнүн Өкмөтү улуттук салымда (ОНУВ) аз көмүртектүү трансформациянын негизги багыттарын белгиледи. Адаптациялоо жана жумшартуу боюнча чараларды ишке ашыруунун жалпы наркы болжол менен $11 миллиардга бааланат, анын ичинен 63% эл аралык донорлордон тартуу пландаштырылууда.
Кыргызстан СОР 29га катышууну кызматташтыкты кеңейтүү жана климаттык милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон климаттык каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгү катары карайт.