Кыргызстан биологиялык түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегиясы менен иш-аракеттер планын жаңылоодо: ар бир адамдын катышуусу маанилүү!

Ош өрөөнү
Кыргызстан биологиялык түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегиясы менен иш-аракеттер планын жаңылоодо: ар бир адамдын катышуусу маанилүү!

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана «Ресурстар жана консалтинг» илимий-техникалык борбору менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча 2040-жылга чейинки Мамлекеттик программасын жана 2025–2030-жылдарга карата Иш-аракеттер планын иштеп чыгууда.

Жаңыртуунун максаты — Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча заманбап көз карашты, максаттарды жана стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо. Программа жана Иш-аракеттер планы мүмкүн болушунча ачык жана инклюзивдүү форматта иштелип чыгууда. Даярдоо процессинде мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн, бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдардын, бизнес-структуралардын, жергиликтүү жамааттардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышкан бир катар тематикалык фокус-топтор өткөрүлдү. Фокус-топтордун жыйынтыктары иштелип жаткан документтердин негизи болуп, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жаатындагы кеңири көз караштар менен практикалык тажрыйбаны эске алууга мүмкүндүк берди. Ошентип, түзүлүп жаткан Программа менен Иш-аракеттер планы — бул ар кандай коомдук топтордун кызыкчылыктарын чагылдырган улуттук диалогдун жыйынтыгы.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 12-июнунан 23-июнуна чейин аталган документ боюнча кеңири коомдук талкууларды өткөрөт. Талкуулар Чолпон-Ата, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында өтөт. Коомдук талкуулардын максаты — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган стратегиялык документтерди толуктоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин чогултуу. Талкууларга оффлайн/онлайн да катышууга болот. Улуттук стратегия менен Иш-аракеттер планын жаңылоо жаратылышты коргоо маселелери менен чектелбестен, калктын жашоо сапатына, айыл чарбасынын, туризмдин, токой чарбасынын туруктуулугуна, табигый ресурстардын абалына жараша калыптанган маданий жана жаратылыш мурасын сактоого да тиешелүү.