Кыргызстан ARISE глобалдык инвестициялык программасына катышуу үчүн тандалды

Чүй өрөөнү
Кыргызстан ARISE глобалдык инвестициялык программасына катышуу үчүн тандалды

Кыргыз Республикасы Климаттык инвестициялык фонддордун (Climate Investment Funds, CIF) ARISE (Accelerating Resilience Investments and Innovations for Sustainable Economies) глобалдык инвестициялык программасына катышуу үчүн тандалды. Программанын алкагында климаттык жеңилдетилген каржылоонун 30 млн АКШ долларын түзгөн пакети каралган. Бул тууралуу БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Түркиянын Анталья шаарында жарыяланды.

COP31 конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Climate Investment Funds уюмунун «Turning the Tide: Delivering on the Global Commitment to Adaptation and Resilience» аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарасына катышты. Иш-чара климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу жаатындагы глобалдык милдеттенмелерди ишке ашырууга арналды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн министр эл аралык климаттык каржылоону мобилизациялоо багытында ырааттуу иш алып барып жаткандыгы үчүн Climate Investment Funds уюмуна ыраазычылык билдирип, бийик тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасы үчүн климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Министр өз сөзүндө туруктуу инфраструктурага, эрте эскертүү системаларына, тоо экосистемаларын жана токойлорду калыбына келтирүүгө, ошондой эле деградацияга учураган жерлерди реабилитациялоого инвестиция тартуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле климаттык чакырыктардын масштабы мамлекеттик ресурстарды, эл аралык финансылык колдоону жана жеке инвестицияларды, анын ичинде аралаш каржылоо механизмдерин колдонуу аркылуу бириктирүүнү талап кыларын баса белгиледи.


Акыл Токтобаев ARISE программасынын ишке киришин өзгөчө белгилеп, бул демилге климаттык багыттагы өзүнчө иш-чаралардан улуттук өнүгүү артыкчылыктарына шайкеш келген комплекстүү инвестициялык чечимдерге өтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.