Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чаралардын ачык-айкындуулугу жөнүндө биринчи отчетун тартуулады
09-октябрь 2025, 11:14
Кыргызстан климаттык күн тартибинде маанилүү кадам жасады: КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги биринчи Эки жылдык ачык-айкындуулук докладын (ЭЖААД1) тартуулады. Негизинен, бул өлкө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн эмнелерди жасаганы, бүгүнкү күндө парник газдарынын бөлүнүп чыгышы кандай, климаттык тобокелдиктердин өсүшүнө кандайча даярданып жатканыбыз тууралуу ачык отчет.
Доклад парник газдарынын бөлүнүп чыгышы жөнүндөгү чыныгы абалды көрсөтөт. Мисалы, 2023-жылы Кыргызстандагы парник газдарынын жалпы бөлүнүп чыгышы 19,38 млн тонна CO₂-эквивалентин түздү. Ошол эле учурда өлкөнүн жаратылышы – токойлор, топурак жана башка экосистемалар – 10,31 миллион тонна CO₂ сиңирди. Бул чоңдуктардын ортосундагы айырма, башкача айтканда нетто-бөлүнүп чыгуулар – 9,07 млн тонна CO₂-эквивалентин түзөт.
Эки жылдык ачык-айкындуулук доклады – бул эл аралык милдеттенме гана эмес, ресурстарга түз жол. Парник газдарынын эмиссиясы, адаптациялык чаралар жана технологиялар боюнча маалыматтар канчалык так болсо, эл аралык финансы институттарынын, климаттык фонддордун жана жеке инвесторлордун ишеними ошончолук жогору болот.
КРнын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев ачык-айкын отчеттуулук – ишенимдин жана практикалык чечимдердин негизи экенин баса белгиледи: «бизге парник газдарынын чыгарылышы жана улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАС3.0) прогресси жөнүндө маалыматтарды гана көрсөтпөстөн, Кыргызстандын климаттык саясатынын ачыктыгын жана айкындуулугун да көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул документ учурдагы абалды белгилеп, мындан ары карай жылышыбыз керек болгон багыттарды белгилейт. Ал өлкөнүн ичиндеги аракеттерди жакшыраак пландаштыруу жана эл аралык деңгээлде кызматташтыкты күчөтүү үчүн маанилүү курал болуп калат».
Мындай документтин пайда болушу Париж келишиминин талабы, ошол эле учурда жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштеген курал. Мамлекет үзгүлтүксүз жана ачык отчет бергенде, имараттарды модернизациялоону, кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүнү, кургакчыл жылдары фермерлерди колдоону жана саламаттыкты сактоо системасын ысык толкундарына даярдоону пландаштыруу жеңилдейт. Маалыматтардын ачыктыгы – бул каржылоону тартуунун негизи: өнөктөштөр прогрессти жакшыраак көрүшөт, приоритеттерди түшүнүшөт жана олуттуу пайда алып келген долбоорлорго инвестиция салууга көбүрөөк даяр болушат.
БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман биргелешкен иштин маанисин белгиледи: «Бул доклад – коомдун бардык катмарларынын катышуусунун жыйынтыгы: министрликтер, илимий мекемелер, бизнес жана жарандык коом. БУУӨП жалпы процессти методикалык жана уюштуруучулук жактан колдогон, бирок чечүүчү ролду мамлекеттин лидерлиги жана өнөктөштөрдүн катышуусу ойноду. Маалымат канчалык так, артыкчылыктар канчалык түшүнүктүү болсо, идеялар ошончолук тез ишке ашуучу долбоорлорго айланат – күн жана шамал станцияларынан тартып өзгөчө кырдаалдарды эрте эскертүү системаларына чейин».
Докладды даярдоого мамлекеттик органдар, илимпоздор, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрү биргелешип катышты. Координациялоо жана эксперттик колдоону ЮНЕП жана ГЭФ каржылоосу менен Кыргыз Республикасындагы БУУӨП тарабынан ишке ашырылган.
Бул “бүтүндөй коомдун” мамилеси ар кандай топтордун – аялдардын жана жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, айылдык жана шаардык жамааттардын кызыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берет жана климаттык чечимдерди жашоого жөндөмдүү жана адилеттүү кылат.
Кийинки этап – маалыматтарды жаңыртууну улантуу жана УДАС3.0го киргизилген чараларды кеңири ишке ашырууга өтүү: долбоордук даярдыкты жогорулатуу, климаттык аракеттерди тармактык программаларга жана бюджеттерге байланыштыруу, чыгымдарды "жашыл" белгилөө жана натыйжаларды мониторингдөө боюнча түшүнүктүү системаны өнүктүрүү. Өлкө климаттык отчеттуулукту канчалык так жана ачык жүргүзсө, шаарлардагы энергияны үнөмдөөчү чечимдерден баштап туруктуу дыйканчылыкка жана эскертүү системаларына чейин идеялар ошончолук тез иштеп жаткан долбоорлорго айланат.
Акыр-аягында, климаттык саясат – бул жашоонун сапаты жөнүндө. Ишенимдүү энергия менен камсыздоо, таза аба, коопсуз шаарлар жана жолдор, туруктуу айыл чарбасы жана медицинанын экстремалдык ысыкка даярдыгы – мунун баары "ачык-айкындуулук" деген кургак сөздүн артында турган нерсенин түздөн-түз таасири. Биринчи эки жылдык баяндама – жөн гана архив үчүн документ эмес. Бул өзгөрүүлөрдү ар бир адам үчүн өлчөөгө жана байкоого мүмкүн кылууга берилген убада.