Кыргызстан 2025-жылы өткөн Критикалык минералдар боюнча эл аралык форумга геологиялык потенциалын сунуштады
08-июль 2025, 09:05
Кыргыз Республикасы Критикалык минералдар боюнча Эл аралык форумга катышты. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Марат Жусупбеков расмий кайрылуу жасап, өлкөнүн геологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана бул багытта эл аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды.
Өз сөзүндө ал дүйнөлүк экономикалардын өзгөрүшү жана кайра жаралуучу энергия булактарына болгон муктаждык өсүп жаткан шартта критикалык минералдар стратегиялык мааниге ээ болуп жатканын белгиледи. Литий, кобальт, марганец, галлий, индий, графит жана цинк сыяктуу элементтер күн панелдерин, аккумуляторлорду жана башка жогорку технологиялуу жабдууларды өндүрүүдө негизги роль ойнойт.
Кыргызстан бул жаатта чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Республикада сирек жер элементтеринин 11 кен орду бар. Алардын ичинен Кутессай II кенинде 63,3 миң тоннадан ашуун сирек жер элементтеринин запасы жана молибден, күмүш, висмут, коргошун, цинк сыяктуу кошумча металлдар катталган. Бул кен бериллийге бай Калесай кени менен чогуу иштетүү үчүн сунушталууда (бериллий запасы – 11,7 миң тонна). Бул кендерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү лицензиясы мамлекеттик “Кыргызгеология” ишканасына таандык. Учурда ишкана чет элдик инвесторлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш алып барууда.
Ошондой эле, Кызыл-Омполь урано-торий кендеринин тобу, анын ичинде Таш-Булак участогу да тааныштырылды. Бул жерде титано-магнетиттин баланстагы запастары болжол менен 5,5 млн тонна деп бааланууда. Участокту иштетүү лицензиясы “Кыргызалтын” ААКсына таандык — бул ишкана өлкөдөгү эң ири алтын өндүрүүчү улуттук компания болуп саналат.
Кыргыз Республикасы критикалык минералдарды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча жаңы технологияларды киргизүүгө, жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар. Бул жаатта 2024-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги ортосунда жана KIGAM — Кореянын Геологиялык илимдер жана минералдык ресурстар институту менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлган. Бул документтер кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүп, түштүк кореялык инвестицияларды тартууга жол ачты.
Сөзүнүн жыйынтыгында министрдин орун басары Марат Жусупбеков чет элдик өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасындагы критикалык минералдар жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырып, форумду уюштургандарга, айрыкча KIGAM уюмуна ыраазычылык билдирди.