Кыргызстан RES 2026 EXPO көргөзмөсүндө улуттук павильонун тааныштырды

Чүй өрөөнү
Кыргызстан RES 2026 EXPO көргөзмөсүндө улуттук павильонун тааныштырды
Кыргыз Республикасынын делегациясы, жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаевдин жетекчилиги алдында, 2026-жылдагы Регионалдык экологиялык саммитке жана экологиялык жана "жашыл" технологиялар боюнча эл аралык "RES 2026 EXPO" көргөзмөсүнө (Астана ш., Казакстан) катышууда. Улуттук павильон алдыңкы технологияларды жана өлкөнүн терең маданий философиясын бириктирген экспозициянын негизги бөлүгү болуп калды.


Павильондун концепциясы үч улуттук символдун айланасында түзүлгөн:
* Тоолор — Борбордук Азиянын суу жана экологиялык коопсуздугунун негизи катары;
* Ак илбирс — климаттык өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү жана экосистемалардын назиктигинин символу катары;
* Айгүл гүлү — биологиялык ар түрдүүлүктүн жана мураска аяр мамиленин белгиси катары.


Көргөзмөнүн жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев өлкөнүн "жашыл" өсүшкө өтүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Экспозициянын алкагында «Жашыл мурас» программасынын натыйжалары , жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана экологияны мониторинг кылуунун санариптик инструменттерин киргизүү көрсөтүлдү.


RES 2026 EXPO көргөзмөсүнө катышуу Кыргызстан аймактык өнөктөштүккө даяр экенин жана 2027-жылдагы маанилүү Дүйнөлүк тоо саммитине даярдык көрүп жатканын баса белгилейт.