Кыргызстан тоо-кен, пайдалуу кендер, металлдар жана туруктуу өнүгүү боюнча өкмөттөр аралык форумдун 21-жылдык жалпы жыйынына катышууда.
06-ноябрь 2025, 15:35
Кыргызстан тоо-кен, пайдалуу кендер, металлдар жана туруктуу өнүгүү боюнча өкмөттөр аралык форумдун 21-жылдык жалпы жыйынына катышууда.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматынын директору – министрдин орун басары Марат Мамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) алдындагы Пайдубал чийки заттарды, тоо-кен тармагын, металлдарды жана туруктуу өнүгүүнү камтыган Өкмөттөр аралык форумдун (IGF) 21-ички жылдык жалпы жыйынына катышууда. Иш-чара 2025-жылдын 3–6-ноябрында Швейцариянын Женева шаарындагы Улуттар Сарайында өтүүдө.
Жыйында тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган негизги маселелер, тактап айтканда, минералдык ресурстарын рационалдуу пайдалануу, жер казынасын пайдалануу боюнча улуттук саясатты өркүндөтүү, ошондой эле тоо-кен ишмердүүлүгүнүн айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасирин азайтуу боюнча чаралар талкууланууда.
Жылдык жыйындын жыйынтыгынан кийин Марат Жусупбеков Өкмөттөр аралык форумдун Өкмөттөр жыйынына да катышмакчы. Анда өлкөлөрдүн өкүлдөрү геология жана кен казып алуу жаатындагы эл аралык кызматташтык механизмдерин чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана заманбап ыкмаларды киргизүү маселелерин карашат.
Өкмөттөр аралык форум (IGF) мамлекеттерге минералдык ресурстарды башкаруу боюнча натыйжалуу саясатты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда колдоо көрсөтөт. Анын максаты – туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү, калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү коргоо болуп саналат.