Кыргызстан Брюсселде өткөн ИПДО боюнча 10-Дүйнөлүк конференцияга катышууда
09-октябрь 2026, 12:22
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин министрдин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору Амантур Турсуниязов башында турган делегациясы Бельгия Өкмөтүнүн жана Европа комиссиясынын колдоосу менен өтүп жаткан Өндүрүүчү тармактардын ачык-айкындуулук демилгесинин (ИПДО) 10-Дүйнөлүк конференциясына катышуусун улантууда.
Конференциянын алкагында кен казуу тармагындагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу, ИПДО стандартын (2023-жылдагы редакциясын) ишке ашыруу жана минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Ошондой эле дүйнөлүк рынокто стратегиялык мааниге ээ болгон пайдалуу кендерге суроо-талаптын өсүшү эске алынууда.
Кыргыз делегациясынын башчысы Амантур Турсуниязов өзгөрүп жаткан геосаясий жана экономикалык кырдаалдын шартында минералдык-чийки зат базасын жана кен казуу тармагын өнүктүрүүнүн келечегине арналган баяндама жасады.
Мындан тышкары, ИПДО конференциясынын алкагында кыргыз тарап тарабынан улуттук көргөзмө уюштурулду.