Кыргызстан улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлдерде климаттык кызматташтыкты бекемдөөдө

Чүй өрөөнү
Кыргызстан улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлдерде климаттык кызматташтыкты бекемдөөдө

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргыз Республикасы эл аралык жана аймактык өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоону, биргелешкен климаттык демилгелерди илгерилетүүнү жана экологиялык практикалык чечимдерди ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда.

Улуттук деңгээлде. Кыргызстандын улуттук павильонунда Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (РЭЦЦА) колдоосу менен «Борбордук Азияда метан чыгарууну кыскартуу боюнча аракеттерди тездетүү: аймактык кызматташтык, эл аралык өнөктөштүк жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» аттуу аймактык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова өлкөнүн метан чыгарууну кыскартуу жаатындагы артыкчылыктуу багыттарын тааныштырып, өзгөчө айыл чарба жана калдыктар секторуна, мониторинг системаларын өнүктүрүүгө жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуучу практикалык технологияларды киргизүүгө басым жасады.

Ошондой эле аймактык потенциалды чыңдоо, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана метан чыгарууну кыскартуу боюнча биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында РЭЦЦА, Global Methane Hub жана Environmental Defense Fund уюмдары менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Глобалдык деңгээлде. Кыргыз Республикасы COP31дин алкагында Бразилия менен Улуу Британиянын тең төрагалыгы алдында өткөн Климат жана таза аба боюнча коалициянын (CCAC) министрлер жолугушуусуна катышты. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын атынан министрдин орун басары 

Асель Раимкулова катышты. Иш-чарага 40ка жакын өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.


Катышуучулар глобалдык деңгээлде метандын жана климатка таасир этүүчү башка супербулгоочу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартуу боюнча аракеттерди тездетүүгө, инвестиция тартууга жана климаттык практикалык чечимдерди каржылоону камсыздоого негизги көңүл бурушту.

Жолугушуунун алкагында органикалык калдыктарды пайдаланууну колдоого багытталган жаңы программа да тааныштырылды. Ал айланма экономиканы өнүктүрүүгө, туруктуу рынокторду түзүүгө жана инвестиция тартууга багытталган. Мындан тышкары, энергетика, айыл чарба жана калдыктар секторлорунда метан чыгарууну кыскартуу демилгелерине кошумча каржылоо бөлүнөрү жарыяланды.

Аймактык деңгээлде. Кыргызстандын улуттук павильонуна Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Мирвохид Азимов келди. Сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары Асель Раимкулова аны Кыргыз Республикасынын климаттык демилгелери, улуттук павильондун ишмердүүлүгү жана COP31 конференциясында сунушталган эл аралык кызматташтыктын багыттары менен тааныштырды.

Бул сапар түрк мамлекеттеринин ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү багыттарындагы мындан аркы кызматташтыкты илгерилетүү, ошондой эле ТМУнун алкагында аймактык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду.

Кыргыз Республикасынын COP31 конференциясынын иш-чараларына катышуусу өлкөнүн климаттык күн тартибин бекемдөө, улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлдерде кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү жана конкреттүү климаттык демилгелер менен экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык колдоону тартуу багытындагы ырааттуу иштерин чагылдырат.