Кыргызстан AFoCO менен кызматташтыгын чыңдап, тоолуу аймактардын жамааттарынын климаттык туруктуулугу боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө
17-ноябрь 2026, 10:40
БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова Азия өлкөлөрүнүн токой тармагындагы кызматташтык уюмунун (AFoCO) аткаруучу директору, доктор Пак Чонгхо менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар токой ресурстарын туруктуу башкаруу, токой экосистемаларын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасында токой чарбасын өнүктүрүү багыттарында мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Кыргыз тарап AFoCO уюмуна узак мөөнөттүү жана жемиштүү өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө «Кыргызстанда токой үрөндөрүнүн базасын чыңдоо жана „Жашыл Мурас“ улуттук демилгесин колдоо максатында заманбап токой питомниктеринин комплексин түзүү» аттуу биргелешкен долбоордун ишке ашырылышын белгиледи. Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунда жылына 2–3 миллионго чейин сапаттуу көчөт өстүрүүгө жөндөмдүү заманбап токой питомниктер комплексин түзүү пландалууда.
Ошондой эле AFoCO жана Rabobank уюмдарынын ACORN программасынын алкагындагы биргелешкен ишмердүүлүгү белгиленди. Программа айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча инновациялык ыкмаларды, анын ичинде агротокой чарбасын өнүктүрүүнү жана Жерди аралыктан зонддоо технологияларын колдонууну камтыйт.
Тараптар Landscape Partnership Asia (LPA), AFoCO жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азиядагы туруктуу азык-түлүк системаларын, жашоо каражаттарын жана экосистемаларды колдоо максатында ландшафттарды калыбына келтирүү» аттуу аймактык долбоорго өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан аркы кызматташтыктын келечектүү багыттары катары туруктуу токой үрөнчүлүк участокторун түзүү, үрөндөрдү иштетүүчү лабораторияларды өнүктүрүү, улуттук адистерди даярдоо, токой питомниктерин жана күнөсканаларды модернизациялоо, ошондой эле токойлорго зыян келтирүүчү курт-кумурскаларга жана илдеттерге каршы мониторинг жүргүзүү жана коргоо иштерин күчөтүү белгиленди.
COP31 конференциясынын алкагында министрдин орун басары Асель Раимкулова суу ресурстарынын өзгөрмөлүүлүгүнүн күчөшү, жайыттардын деградациясы жана табигый кырсыктардын тобокелдиктеринин жогорулашы шартында тоолуу жана жайыт жамааттарын колдоо маселелерине арналган пленардык талкууга да катышты.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү мамилени иштеп чыгуу зарылдыгына карата позициясы сунушталды. Бул мамиле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу башкарууну жана жергиликтүү калктын киреше булактарын сактоону өзүнө камтыйт.
Мындан тышкары, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүүнүн, кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүүнүн жана жергиликтүү жамааттардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Кыргыз Республикасы аталган артыкчылыктуу багыттарды улуттук климаттык күн тартибинин алкагында, анын ичинде ОНУВ 3.0 документин ишке ашыруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча пландаштырууну өнүктүрүү аркылуу ырааттуу илгерилетүүдө.