Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу чараларын эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен күчөтүп жатат
07-июль 2025, 09:07

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП ООН) долбоорлору боюнча Улуттук жетекчи комитетинин (УЖК) Алтынчы жыйыны өттү. Бул долбоорлор Жашыл климаттык фонддун (GCF) жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) колдоосу менен ишке ашырылып келет.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышып, эки негизги долбоордун ишке ашырылышындагы жетишкендиктерге баа беришти:
Иш-чарада «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана башкаруу жаатында жамааттардын потенциалын күчөтүү»; «Климаттык кызматтар жана климаттык туруктуу жашоо каражаттарын диверсификациялоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугу төмөн аярлуу жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» темалыры талкууланды.
Жыйындын ачылышында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары К.Касейинов Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин миссиясынын башчысы Андрес Мюллер жана БУУнун ВППнын КРдагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Коджиро Накай куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Жыйында 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш-аракеттер планы жана жетишилген жыйынтыктар боюнча баяндама сунушталды. Айрыкча, Кыргыз Республикасындагы аярлуу жамааттардын климаттык туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар жетишкен ийгиликтерди, учурдагы кыйынчылыктарды жана долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруунун мүмкүн болгон жолдорун, анын ичинде жергиликтүү ыкмаларды, жыныстык сезимталдыкты жана климаттык маалыматтарды тереңирээк интеграциялоону карап чыгышты.
Жыйындын жыйынтыгында алдыдагы мезгилге карата иш-план бекитилип, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу чараларын күчөтүүгө багытталган биргелешкен чечимдер кабыл алынды.