Кыргызстан жаңыланган климаттык максаттарды жана биринчи эки жылдык транспаренттүүлүк боюнча отчетун бекитти
20-сентябрь 2025, 13:00
Бишкек, 2025-жылдын 19-сентябры – Бүгүн Кыргыз Республикасынын экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча Координациялык кеңешинин биринчи жыйынында эки маанилүү стратегиялык документ бекитилди: Улуттук деңгээлде аныкталган салым (УДС 3.0) жана Биринчи эки жылдык транспаренттүүлүк боюнча доклад (ЭТД).
Бул документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Париж келишими боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруусунда маанилүү кадам болуп, өлкөнүн позициясын бекемдейт. Ал ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги климаттык иш-аракеттер боюнча атайын иш-чаранын (2025-жылдын 24-сентябры, БУУнун Штаб-квартирасы, Нью-Йорк) жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча рамкалык конвенциясынын Тараптар конференциясынын 30-сессиясынын (10–21-ноябрь 2025-жыл, Белен шаары, Бразилия) алдында чоң мааниге ээ.
УДС 3.0 өлкөнүн парник газдарынын бөлүнүшүн кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча 2035-жылга чейинки максаттарын аныктайт:
шартсыз максаттар – 2030-жылга карата парник газдарынын нетто-бөлүнүшүн базалык сценарийден 18,44%га, 2035-жылга карата 16,32%га кыскартуу;
шарттуу максаттар – эл аралык колдоонун шартында 2030-жылга карата бөлүнүүнү 29,66%га, 2035-жылга карата 38,56%га кыскартуу.
Климаттык чараларды ишке ашыруу үчүн 2035-жылга чейинки болжолдуу финансылык муктаждык 12–15 млрд АКШ долларын түзөт. Бул чаралар энергетика, транспорт, айыл чарба, жер пайдалануу, токой чарбасы, өнөр жай жана калдыктарды башкаруу тармактарын камтыйт. Ошондой эле, адаптация маселелерине өзгөчө көңүл бурулган: суу ресурстарын коргоо, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, калктын ден соолугу жана инфраструктуранын туруктуулугу. Документке биринчи жолу адилеттүү өтүү, социалдык инклюзия жана гендердик теңчилик принциптери интеграцияланган.
Биринчи эки жылдык транспаренттүүлүк боюнча доклад (ЭТД) парник газдарынын бөлүнүшү жана сиңирилиши боюнча маалыматтарды, климаттык саясаттын аткарылышындагы прогрессти, ошондой эле алынган жана зарыл болгон эл аралык колдоо тууралуу маалыматтарды системалаштырат. Доклад Париж келишиминин транспаренттүүлүктүн кеңейтилген негиздерине ылайык даярдалып, Кыргызстандын РКИК БУУ Секретариатына үзгүлтүксүз отчет берүүсүнүн негизин түзөт.
УДС 3.0 жана ЭТДни кабыл алуу Кыргыз Республикасынын климаттык саясатты чыңдоого, туруктуу өнүгүүнү мамлекеттик программаларга интеграциялоого жана калкты жана экономиканы күчөп бараткан климаттык тобокелчиликтерден коргоо үчүн эл аралык ресурстарды тартууга болгон чечкиндүүлүгүн көрсөтөт.