Кыргызстанда «Транспорттун абага булгануусу менен күрөшүү: шаарларда жыл бою таза абага жетүү» аттуу Улуттук көп тараптуу диалог аяктады.

Чүй өрөөнү
Кыргызстанда «Транспорттун абага булгануусу менен күрөшүү: шаарларда жыл бою таза абага жетүү» аттуу Улуттук көп тараптуу диалог аяктады.

Кыргызстанда «Транспорттун абага булгануусу менен күрөшүү: шаарларда жыл бою таза абага жетүү» аттуу Улуттук көп тараптуу диалог аяктады.

Жыйындын жабылыш сөзүндө министр М.Машиев эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, министрликтердин, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди!

Министрлик атынан бардык өнөктөштөргө — Дүйнөлүк банктын, Азия Өнүктүрүү банкынын, Койка, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, биздин улуттук мекемелер жана Бишкек шаарынын мэриясына активдүү катышуусу жана биргелешкен ишке даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирилди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү диалог быйылкы февраль айында башталган процесс үчүн маанилүү улантма болуп, бизди негизги темалардын бири — транспорт секторунан чыккан абанын булгануусун кыскартууга — көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берди.

Диалогдо абанын сапатын көзөмөлдөө жана индексин түзүү, таштандыларды азайтууга практикалык чараларды киргизүү, таза отун түрлөрүнө өтүү, коомдук транспортту өнүктүрүү жана энергияны үнөмдөө боюнча кеңири маселелер каралды.

Ал ошондой эле белгилегендей, мурдагыга салыштырмалуу көрүнүктүү прогресс бар. Мекемелер аралык диалог орнотулду, абаны булгануу маселелери боюнча иштей турган Мекемелер аралык комиссия түзүлдү, Улуттук аба сапаты индекси иштелип жатат, мониторинг тармагы кеңейүүдө, чыгарын азайтууга пилоттук долбоорлор ишке ашырылууда. Бирок, кесиптештерибиздин туура белгилешкендей, дагы көп иштерди жасоо зарыл.

«Биз абанын сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасадык — майда көмүрдүн колдонулушуна тыюу салынды, жашылдандыруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө, альтернативдүү энергия булактарына өтүү боюнча күчөтүлгөн кампания жүргүзүлүүдө жана келечекте экологиялык проблемаларды чечүү үчүн натыйжалуу комплекстүү чаралар ишке ашырылат».

«Бүгүнкү талкуу чындыгында тажрыйба жана билим алмашуунун эл аралык платформасы болуп калды».

«Кесиптештерибиздин ар кайсы өлкөлөрдөн сунуштаган ыкмалары таза абага жетүүнүн инновацияларга, жоопкерчиликке жана кызматташууга негизделгенде ийгиликтүү болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Ар бир сөз — жаңы технологияларды киргизүү, транспорт саясатын өркүндөтүү же чыгарын санариптик көзөмөлдөө тууралуу болсун — алдыга кантип жылыш керектигин түшүнүүгө баалуу салым болду», — деп жыйынтыктады министр М.Машиев.