КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Талас өрөөнү
КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

2023-жылдын 25-сентябрь күнү Талас шаарынын борбордук аянтында “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында  атайын иш чара болуп өттү.

Ага өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыккан шартта айлана-чөйрөнү коргоо, химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүн жөнгө салуу максатында Талас облустук радиациялык-химиялык коргоо кызматынын  өздүк курамы  өзүнүн кызматтык техникалары менен катышты. Анда жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрт, жол кырсыгы учурунда жарандарды куткаруу боюнча практикалык көргөзмөлүү иш чаралар уюштурулду.