Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жайкы спартакиадасы

Ысык-Көл өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жайкы спартакиадасы
2025-жылдын 23-августунда “Кыргыз деңизи” эс алуу жайында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жайкы спартакиадасы өтүп жатат. Иш-чара министр Медер Машиевдин жетекчилиги алдында өткөрүлүүдө.


Спартакиадага министрликтин бардык регионалдык башкармалыктары, Кыргыз геология кызматы, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Борбордук лаборатория, Экологиялык департамент, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өкүлдөрү активдүү катышууда.


Иш-чарага министрдин биринчи орун басары К. Касейинов, министрдин орун басарлары М. Аманкулов, А. Раимкулова жана М. Жусупбеков катышты.


Министр М.Машиев өз сөзүндө дене тарбия жана спорт кызматкерлердин ден соолугуна оң таасирин тийгизип, алардын ишиндеги натыйжалуулукту жогорулатарын баса белгиледи. Ошондой эле мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын арттырып, биримдикти чыңдоого чоң салым кошорун белгиледи.


Спартакиаданын негизги максаты — командалык рухту бекемдөө, корпоративдик маданиятты өнүктүрүү, кызматкерлер арасында ден соолукту чыңдоону жана активдүү жашоо образын жайылтуу.


Жалпы 28 команда катышып жаткан спартакиадада футбол жана волейбол боюнча мелдештер өтүп жатат.