Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги


Жаратылыш ресурстары министрлигинин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери НАБУнун коому менен биргеликте браконьерлик жана аңчылык эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.

23-август 2023-жылы башкармалыктын кызматкерлери, аңчы адиси, райондук егер жана НАБУнун   Барс тобунун кызматкерлери менен  биргеликте Кемин районунун Көк-Ойрок айылынын Долон-Оту коктусунан  Абышов Калысбек аттуу жаран мыйзамсыз кармалган. Анын убактылуу турак-жай чатырынан уруксат документтери жок жапайы тоо текенин жарым эти жана ИЖ-12 үлгүсүндөгү бир стволдуу 8831719 номурлуу  мылтык  табылган. Калысбек Абышовго карата тиешелүү акт жана протокол түзүлгөн.. аталган факты боюнча материалдар Кемин РИИБнө жөнөтүлүп, жаранга акчалай доо арыз берилген.

КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы Аңчылык эрежелерине ылайык Кемин районунун айрым аймактарында 2018-жылдан бери жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынганын белгилейт.