🍀"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өттү

Чүй өрөөнү
🍀"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өттү
Иш-чарага министр А. Токтобаев, министрдин орун басарлары, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү — Э. Аширбаев, Кемин районунун акими К. Тутуев, ошондой эле болжол менен 150 кызматкер катышты.

Акциянын жүрүшүндө 5 миңден ашуун терек, карагай жана өрүк көчөттөрү отургузулду.

Көчөт отургузуу демилгеси Кемин районунда агролес чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, келечекте жергиликтүү калкты жемиш менен камсыз кылууга жана аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылы «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында республиканын бардык аймактарында 9 миллион даана бак-дарактар жана бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

Иш-чара «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өтүп, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, «ШКУнун жашыл алкагы» эл аралык демилгесине ылайык уюштурулду.

Жашыл аймактарды кеңейтүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана жаратылыш байлыктарын келечек муундар үчүн сактоо — өлкөбүздүн ар бир жаранынын маанилүү милдети болуп саналат.