Мыйзамсыз браконьерликке каршы масштабдуу рейдттик иш-чаралар ɵткɵрүлдү
09-февраль 2024, 16:26
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биотүрдүүлүк башкармалыгынын инспекторлору, Токтогул районунун “Жашыл Өрөөн” коомдук бирикменин кызматкерлери менен биргеликте облустагы экологиялык мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча браконьерликке каршы рейдттик иш- чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чарынын алкагында Токтогул районунун Толук айылындагы Темиркен участкасында мыйзамсыз атылган тоо кийигинин этинин бөлүктөрү алынып, мыйзам чегинде чара көрүүгө материалдар Токтогул РИИБне өткөрүлүп берилди. Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын 03.05.2013-жылдын №224 токтомуна ылайык мыйзмасыз аткан тоо кийигине 100 000 сом доо коюлат.
Мындан сырткары Токтогул суу сактагычында балык корлорун коргоо жана сактоо боюнча уюштурулган иш -чараларда, мыйзамсыз синтетикалык торлор менен балык кармап жүргөн 3 жаранга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө" Кодексине ылайык 5500 сомдон 16500 сомго чейин айып салынды жана 33 даана Форель, 4 даана Сига лудога, 4 даана Карась балыктарын мыйзамсыз кармагандыгы үчүн келтирген зыяны үчүн 21 917 сом доо коюлду.
Ошондой эле жогорудагы суу сактагычка балык корлоруна мыйзамсыз салынган 15 даана башкача айтканда 1500 метр синтетикалык торлор алынып, жараксыз абалга келтирүү менен таштанды таштоочу жайга ташталды.