Медер Машиев Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Чүй өрөөнү
Медер Машиев Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Машиев Медер Асанович Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын башка Жарлыгы менен Сапаралиев Азис Айнабаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруудан бошотулду.