Кыргызстан менен Өзбекстан студенттер үчүн Green Universityге квоталар боюнча макулдашууга жетишти

Чүй өрөөнү
Кыргызстан менен Өзбекстан студенттер үчүн Green Universityге квоталар боюнча макулдашууга жетишти

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор Азия университетине (Green University) кыргызстандык студенттерди кабыл алуу үчүн квоталар боюнча Меморандумга кол коюшту.


Бул Меморандумдун негизги максаты — Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн квоталык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү аркылуу региондук кызматташууну бекемдөө, айлана-чөйрөнү изилдөө жана туруктуу өнүгүү боюнча потенциалды жогорулатуу болуп эсептелет.


Макулдашууга ылайык, Өзбекстан тарабы 2025–2026-окуу жылына Кыргызстандын студенттери үчүн жалпысы 9 квоталык орун бөлөт, алардын ичинде:


бакалавриат программасы үчүн — 5 орунга чейин,


магистратура программасы үчүн — 4 орунга чейин.


Бардык окуу программалар англис тилинде жүргүзүлөт. Бул университеттин эл аралык мүнөзүн жана студенттер үчүн глобалдык билим берүү чөйрөсүн камсыздай турганын тастыктайт.


Бул демилге аймактагы экология, климат жана туруктуу өнүгүү тармагындагы адистердин жаңы муунун даярдоого багытталган. Меморандум эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдап, климаттын өзгөрүшү жана экологиялык көйгөйлөр боюнча биргелешкен аракеттерге өбөлгө түзөт.


Квоталар, кабыл алуу шарттары жана документ тапшыруу жол-жобосу тууралуу кеңири маалымат Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылат.


Жүктөө
Меморандум.pdf