Кант шаарынын мэриясына таштанды полигонунда өрт чыккандыгына байланыштуу 51 000 (элүү бир миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Кант шаарынын мэриясына таштанды полигонунда өрт чыккандыгына байланыштуу 51 000 (элүү бир миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды

Кант шаарынын мэриясына таштанды полигонунда өрт чыккандыгына байланыштуу 51 000 (элүү бир миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Буга чейин социалдык тармактарда Кант шаарынын мэриясына караштуу таштанды полигонунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат чыгып, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде көзөмөл жүргүзүлгөн.

Өрттү өчүрүү иш-чаралары Кант шаардык мэриясы тарабынан ыкчам уюштурулуп, өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Аталган факты боюнча Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык мэриясына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, жалпы суммасы 51 000 (элүү бир миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.