Тоолуу региондорду ѳнүктүрүү боюнча Министрликтин ѳткѳрүп жаткан иш-чаралары
05-апрель 2024, 15:57
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун "2023-2027 жылдар мезгили Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш аракеттердин 5 жылдыгы"- деп жарыялаган жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 2-апрель күнү Нарын шаарында жыйын өттү.
Жыйында Президенттин өкүлү Нурлан Айтмурзаев бул иш чара боюнча атайын концепция жана иш аракеттердин жол картасы иштелип чыкканын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана мекеме жетекчилерине анын аткарылышы боюнча кенен токтолуп, мындан аркы иш алып баруу талкууга алынды. Эң ириде тоолуу региондун экологиясын сактоо менен экономикасын көтөрүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы багытталган идеяларды жана демилгелерди жайылтуу болуп саналат. Алардын бири токойлорду калыбына келтирүү.
Алдыдагы 5 жыл аралыгында 300 миңден 600 миң даанага чейин бак-дарак отургузуу пландалып, "Бир адамдан бир көчөт" акциясы Нарын облусунда старт алды. Ошону менен бирге Ат-Башы районунун Арпа аймагында 160 миңден ашуун гектар жер аянтына жаратылыш паркын түзүү колго алынмакчы.