Ыштын алдын алуу максатында Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясы текшерилди

Чүй өрөөнү

2023-жылдын 1-августунда Бишкек шаарын ыштан арылтууну алдын алуу максатында ЖЭБдин айланасында Казакстандан келген Д маркасындагы 12774 тонна Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясын текшерүү максатында экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери менен биргеликте көмүрдүн үлгүлөрүн анализге өткөрүү үчүн алынды.

Көмүрдүн сапатына контролду күчөтүү үчүн жыл сайын жылытуу мезгилинин башталышы менен ЖЭБде көмүрдүн сынамыктарын алуу үчүн экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү менен катуу отундун сапаты боюнча комиссия түзүлөт. Бишкек шаарынын ЖЭБнин аккредитацияланган лабораториясы тарабынан туруктуу негизде отунга кирүү көзөмөлү жүргүзүлүп турат. 

2023-жылдын импорттолгон Д маркасындагы таш көмүрдү 550 миң тоннага чейин пайдаланууну көбөйтүү жана жергиликтүү Б3 маркасындагы күрөң көмүрдү пайдаланууну 650 миң тоннага чейин азайтуу каралган. 

2022 - жылга салыштырганда импорттолгон Д маркасындагы таш көмүр - 400 миң тонна, жергиликтүү Б3-1050 миң тонна күрөң көмүр колдонулган. 

Ошондой эле сентябрь айында жергиликтүү Кара-Кече көмүрүнүн биринчи партиясы келгенде лабораториялык анализден өткөрүү үчүн үлгүлөр алынат.