Эл аралык конференция "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай"
16-апрель 2025, 15:59

Эл аралык конференция
"Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай"
Дата: 24-25-апрель, 2025-жыл
Өтчү жери: «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясы, «Энесай» кабыл алуу үйү, Бишкек ш., Кыргыз Республикасы
Конференциянын максаты:
• Тоо күн тартибин эл аралык климаттык процесстерге, экологиялык конвенцияларга жана туруктуу өнүгүүнүн күн тартибине интеграциялоо боюнча кызыкдар мамлекеттердин, анын ичинде тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин координациялоого көмөктөшүү.
* Тоолуу аймактар туш болгон экологиялык, социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу.
• Кызматташтыкты бекемдөө жана 2027-жылы өтүүчү «Бишкек+25» Экинчи Бишкек Глобалдык Тоо саммитине даярдык көрүү боюнча биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу.
Конференциянын негизги темалары:
• Климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу экосистемаларга жана жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасири
• Глобалдык суу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо тоолордун ролу
* Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана тоо экосистемаларынын деградациясынын алдын алуу
• Мөңгүлөрдүн жана суу ресурстарынын илимий изилдөөлөрүн жана мониторингин өнүктүрүү
• Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоо үчүн финансылык жана техникалык механизмдер
Иш-чаранын форматы:
• Пленардык жыйындар: мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана алдыңкы эксперттердин баяндамалары
• Панелдик талкуулар: тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо
Уюштуруучулар:
● Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
● Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму
Өнөктөштөр:
Азия Токой Кызматташтык Уюму, Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, GIZ (Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому), Ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программасы, ЮНЕСКО, Ага Хан өнүктүрүү тармагы, Борбордук Азия университети, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы.
Катышуучулар:
• Кызыккан өлкөлөрдүн, анын ичинде тоолуу өлкөлөрдүн өкмөтүнүн өкүлдөрү
• Эл аралык уюмдар жана финансылык институттар
• Окумуштуулар, эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү
• Массалык маалымат каражаттары
Жумушчу тилдер: орус, англис
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди иш-чарага катышууга чакырабыз. Конференция «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясынын аймагында өтө тургандыктан катышуу үчүн алдын ала аккредитациядан өтүү керек.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 18:00, 22-апрель 2025-жыл.
24-апрель күнү саат 7:15те чогулуу, транспорт резиденцияга 7:45те жөнөйт.
Ташуу маршруту боюнча уюштурулат: Кыргыз драма театры (Абдумомунов көч. 230, Эски аянт) — «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы
Аккредитациядан өтүү үчүн паспортуңузду көрсөтүшүңүз керек.
Аккредитация боюнча суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматына кайрылыңыз:
Байланышчу адам: Исабек кызы Айсулуу
Телефон: +996 509 301 190